Азиз Суракматов эмки жумада кызматына киришет
Бөлүшүү:
Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришкендей, жаңы шайланган Бишкек мэри Азиз Суракматов эмки жумада кызматына киришет.
Маалым болгондой, мыйзамга ылайык, жергиликтүү кеңеш депутаттары тарабынан мэр шайлангандан кийин, аймактык шайлоо комиссиясы Боршайкомго 3 күндүн ичинде чечимди жөнөтөт. БШК чечим келгенден кийин 3 жумуш күндүн аралыгында аны бекитет жана расмий түрдө жарыялайт. Андыктан Азиз Суракматов кызматына эмки жуманын башында кирише алат.
Эске салсак, 8-августта Азиз Суракматов Бишкек шаарынын мэри болуп шайланган.
Ссылка: https://barometr.kg/zhay-mer-aziz-surakmatov-emki-zhumada-kyzmatyna-kirishet
Добавить комментарий ×