Жаңы “iPhone 13 Pro” смартфонунун сүрөтү жарыяланды

5 август 2021 12:26 1055 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жаңы “iPhone 13 Pro” смартфонунун сапаттуу сүрөтү социалдык тармактарга жарыяланды. Бул тууралуу ixbt.com. булагына шилтеме берүү менен “Барометр” кабарлайт.

Азырынча бул чыныгы смартфондорбу же анын макеттериби тактала элек.

“iPhone 13 Pro” смартфонунун башкы сюрпризи-кубаттоочу жердин жок болгондугу, анын ордуна эки чоң магниттүү контакт жайгашкан.

Буга чейин “Apple” “MagSafe” магниттүү зарядоочу түзүмдөрүн колдоно турганы айтылып келген, бирок ал кийинки жылы гана ишке ашат деп күтүлүп жаткан.

“iPhone 13 Pro” смартфонунун линейкасын тааныштыруу сентябрь айында болот. “Apple” компаниясы “iPhone 13” дефицит продукту болорун буга чейин эскерткен.

Ссылка: https://barometr.kg/zhay-iphone-13-pro-smartfonunun-srt-zharyyalandy



Добавить комментарий