Алматыда телефонду кубаттагычка сайып алып сүйлөшүп жаткан кыз токко урунуп каза болду

30 сентябрь 2020 14:26 1482 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Казакстандын Алматы облусунада 15 жаштагы Акерке Омирбаева телефонду кубаттагычка сайып алып сүйлөшүп жатып, токко урунуп каза болду. Бул тууралуу Tengrinews.kz  агенттиги жазган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Кыздын атасынын айтымында, Акерке кечки тамактан кийин бөлмөсүнө кирип кеткен. Анан эле 10 мүнөттөн кийин эс-учун жоготкон абалда табылгандыгын айтат. Тез жардам тобу кызды реанимациялоого аракет кылышкан, бирок кыздын тамыры сокпой калган. Дарыгерлердин аракети оң жыйынтык берген эмес.

"Кубаттагычтан өткөн жогорку ток телефон аркылуу кызыма жетип, анан катуу ток урган. Ал ток ураары менен дароо эсин жоготту. Дарыгерлер ошол заматта эле өлүм болгонун айтууда. Кызым телефонду оң колу менен кармап тургандыктан манжаларында жана бармагында күйүктөр болгон. Ошону менен катары эле бети жана жаагы, кулагынын астылары да күйүп калган”, -деди кыздын атасы Акылжан Омирбаев.

Телефондун өзү эрип кеткен. Эксперттер аны жана кубаттагычты техникалык экспертизага алып кетишкен. Каза болгон кыз жергиликтүү базардан 3000 теңгеге телефондун кубаттагычын сатып алган.

Белгилүү болгондой, базарлардан сиз каалаган телефонго арзан баада кубаттагычты сатып алса болот. Оргиналга караганда 10 эсе арзан таба аласыз. Бирок, жасалма, арзан буюм эч качан сиздин коопсуздугуңузга кепилдик бербейт.

"Көбүнчө, мындай кырсыктар сапатсыз кубаттоочу аксессуарлардын колдонулушунан, шайман туура эмес иштелгендиктен болот. Мындан тышкары, заводдон да жашыруун мүчүлүштүк болушу мүмкүн", - деди телефон оңдоочу болуп иштеген Александр Гросс.

Ссылка: https://barometr.kg/almatyda-telefondu-kubattagychka-sajyp-alyp-sjlshp-zhatkan-kyz-tokko-urunup-kaza-boldu



Добавить комментарий