Марк Цукербергдин телефон номери жана жеке маалыматтары интернетке ачыкка чыгып кетти
Фейсбуктун негиздөөчүсү Марк Цукербергдин телефон номери дагы 533 миллион колдонуучусунун жеке маалыматтары менен кошо ачыкка чыгып кетти. Бул тууралуу New York Post гезити жазган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Буга чейин, 106 өлкөдөн 533 миллион фейсбук колдонуучусунун жеке маалыматтары жана телефон номерлери интернетте ачыкталып кеткени кабарланган. Белгилүү болгондой, ачыкка чыгып кеткен колдонуучулардын маалыматтары хакерлердин форумунда жарыяланган. Андыктан, маалыматтар интернет колдонгонду билген ар бир колдонуучу үчүн ачык жана акысыз көрүүгө мүмкүн болгон.
Тактап айтканда, Америка Кошмо Штаттарынан 32 миллиондон ашуун колдонуучунун, Сауд Арабиядан 28 миллиондон ашык колдонуучунун, ошондой эле, Россиядан он миллионго жакын колдонуучунун маалыматтары интернетте толук пайда болгон. Анда, алардын толук аты-жөнү, жашаган жери, туулган датасы жана башка маалыматтар камтылган.
Ал эми, айрым интернет колдонуучулары фейсбуктун негиздөөчүсүнүн жеке маалыматтары көрсөтүлгөн форумдан скриншот жарыялап, Цукербергдин маалыматтарынын ачыкка чыгуусуна көңүл бурган.
Facebook компаниясы 2004-жылы Марк Цукерберг тарабынан негизделген. Штаб-квартирасы Калифорнияда жайгашкан. Facebook бир катар Messenger, WhatsApp жана Instagram сыяктуу популярдуу кызматтарга ээ.
Добавить комментарий ×