Өзгөчө кырдаалдар министри өкмөттүн Жалал-Абаддагы өкүлү болду
Бөлүшүү:
Мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Тийиштүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.
Белгилей кетсек Мирзахмедов президенттин Жарлыгы менен Өзгөчө кырдаалдар министри кызматынан бошотулган.
Андан мурдараак өкмөттүн Жалал-Абаддагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев кызматтан кеткен болчу.
Ссылка: https://barometr.kg/zhay-dajyndoo
Добавить комментарий ×