Жашырынып иштеп жаткан 45тен ашуун кумарканалар табылды

14 июль 2023 11:37 1126 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жашырынып иштеп жаткан 45тен
ашуун кумарканалар жабылды. Бул тууралуу ИИМдин маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондрй, 45тен ашык бинардык опциондор жабылып, кылмыш иши козголду

“ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча, республиканын аймагында бинардык опциондорго жамынган 45тен ашык оюн-зоок жайлары иштеп, аларда интернет аркылуу виртуалдык каржылык оюндар жана башка ар кандай кумар оюндары уюштурулган. Бинардык опцияларды соодалоого жамынып, узак убакыт бою мыйзамсыз иш-аракеттер жүргүзүлүп келген.

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренесинин (Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо)) 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөө-ыкчам иш-чараларынын алкагында тинтүү иштери жүргүзүлүп, аталган мекемелердин кызматкерлери жана ойногондор суракка алынып, компьютердик техникалар алынды.

Азыркы учурда Бишкек, Ош, Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарында жайгашкан 45тен ашык мекеме жабылып, тиешелүү иш чаралар улантылууда. Аталган факт боюнча тергөө иштери уланууда”, -деп айтылат маалыматта. 

Ссылка: https://barometr.kg/zhashyrynyp-ishtep-zhatkan-45-ashuun-kumarkanalar-tabyldy



Добавить комментарий