Студенттерге үйрөтүлгөн иттер менен кылмышкерлерди кармоо ыкмаларын көргөзүштү
Жалал-Абад облусунун жаштар уюмдарынын өкүлдөрү Бишкек шаарындагы ИИОнун айрым түзүмдөрүнүн ишмердүүлүгү менен таанышып чыгышты. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.
2019-жылдын 16-октябрь күнү Жалал-Абад облусунун 20 жаш активисти ички иштер органдарынын айрым түзүмдөрү менен танышуу үчүн Бишкекке келишти. Аталган делегацияны Жалал-Абад облусунун жаштар иштери боюнча комитеттин төрагасынын орун басары О.Абдылаев жетектеп алып келген.
Бул иш-чара Кыргыз милициясынын 95 жылдык маарекесине арналып, жаштарды ички иштер органдарынын ишмердүүлүгү менен жакындан тааныштыруу максатында уюштурулду.
Алгач, Кыргыз Республикасынын ИИМдин С.Наматбеков атындагы музейинде болушуп, Кыргыз милициясынын тарыхы, анын басып өткөн жолдору, ички иштер органдарынын негизги тапшырмалары жөнүндө кенен маалыматтарды алышып, музейдеги ар жылдардагы тартип сакчыларынын кызматы жөнүндө маалымат берген экспонаттарды көрүштү.
Андан соң, коноктор милициянын Кыргыз Республикасынын ИИМдин генерал-майору Э.Алиев атындагы Академиясында болушту. Жаштар алгач Академиянын музейине барганда жогорку окуу жайдын тарыхы, профессордук-окутуучулук курам, курсанттардын жашоо турмушу менен таанышышты. Тирде алар ок атуучу куралдардын түрү менен таанышып, электрондук тирде ар бирине атууга мүмкүнчүлүк берилип, көптөн бери эңсеген максаттары орундалганына кубанышты. Андан сырткары, криминалистикалык борборго киришип, милиция кызматкерлери тарабынан окуя болгон жерди кароо, криминалистикалык техникалар менен таанышышты.
Учурда коомчулук үчүн кызыктуу болуп жаткан коопсуз шаар долбоорунун алкагында Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагындагы жолдорго орнотулган видео байкоолор аркылуу жол эрежелерин бузган автоунааларды аныктаган, ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын мониторинг борборуна барууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Аталган борбордун башчысынын орун басары милициянын майору М.Шабданов студенттерге борбордун иштери менен тааныштырып, кызыккан суроолоруна жооп берди.
Айып пулдарды төлөөнүн жол-жоболорун жана электрондук түрдө автоунаа ээси айып пулдары бар же жок экенин текшерип алуусу тууралуу кенен түшүндүрмө берди.
Жаштарды ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун кинология борборунда атайын даярдыктагы кызматкерлер күжүрмөн ыкмаларын көргөзүшүп, жаштардын кызыгууларын арттырды.
Андан ары кинология борборунун кызматкерлери үйрөтүлгөн иттер менен кылмышкерлерди кармоо, баңгизаттарын алуу, ошондой эле курал жарактарды иттердин жардамдары менен табуунун ыкмаларын көргөзүштү.
Добавить комментарий ×