Жаш жигиттердин май куюучу жайды тоноосуна супермаркеттин тонолушу тууралуу видеотасма түрткү болгон
Курал менен коркутуп, «Бишкек петролиум» май куюучу жайды тоногон кылмыштын бети ачылды.
Шаардык ИИБнен кабарлашкандай, 20-майда, эртең менен бет капчан белгисиз адамдар Элебесов көчөсү, 206а дарегинде жайгашкан май куюуучу жайды тоноп, 7500 сом алышкан жана качып кетишкен. Окуя болгон жерге ыкчам-иликтөө тобу барып, окуянын чоо-жайын иликтешкенде, май куюуучу жайдын кызматкери сабалгандыгы белгилүү болгон. Тоноо үчүн келгендер, саа 5-00 чамасында өзүнүн муктаждыгы үчүн эшикке чыккан операторго кол салышып, аны сабап, андан соң кассадан 7500 сом алышкан дагы из жашырып кетишкен. Алар кол кап кийип алышкандыктан колдордун тактарын дагы аныктоого мүмкүн болгон эмес.
Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында Бишкек ШИИБнин криминалыдык милиция кызматы менен Свердлов райондук ИИБнын кызматкерлери тарабынан Нарын облусунда 2000-жылы туулган К.Ч. жана А.Ш., ошондой эле Бишкек шаарында 1999-жылы туулган Т.А. кармалган. Алардан колго жасалган курал жана мергенчилик кылууга керектелүүчү 21 гильза алынган.
Белгилей кетсек, кармалгандар «Супер Арзан» соода маркетин тоноо тууралуу видеотасманы көргөндөн кийин мындай ишке барышкан. Учурда шектелгендердин ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы бар же жоктугу тууралуу кошумча иликтөө иштери жүрүүдө.
Добавить комментарий ×