Жаш кыздарды Туркияга сексуалдык кулчулукка сатып жүргөн жаран кармалды

28 сентябрь 2022 11:13 3391 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Түркияга жаш кыздарды сексуалдык кулчулукка сатып жүргөнгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалыматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Маалым болгондой, ИИМдин КИББнын 2-башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери чет өлкөлөрдө сексуалдык эксплуатациялоо максатында адамдарды сатуу менен алектенген адамдардын тобунун ишине бөгөт коюшкан.

"Белгисиз бир жаран (аял киши) алдап, жогорку маяна алуучу жумушка орноштуруу шылтоосу менен жаш кызды Түркияга жибергендиги тууралуу маалымат түшкөн.  Кийин чет өлкөгө чыккан жаран адам сатуунун курмандыгы болуп, сексуалдык эксплуатацияга дуушар болгону такталган.

Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси «Адамдарды соодалоо» боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөө-ыкчам иш-чараларын жүрүшүндө, шектүү адам Чүй облусунун тургуну экендиги аныкталып, ал жогорку акы төлөнүүчү жумушка убада кылып, Кыргызстандын башка жаранын сексуалдык эксплуатациялоо максатында чет өлкөгө жиберүүгө ниеттенип жаткандыгы тууралуу маалымат алынган.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында ИИМдин КИББнын 2-бөлүмүнүн кызматкерлери  кылмышка шектүү катары 1991-жылы туулган Ж.К. (аял киши) кармашкан. Анын чет өлкөгө адамдарды сексуалдык кулчулукка сатуу аракетине бөгөт коюлду.

Соттун чечими менен кармалган жаранга камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды. Азыркы учурда адамдарды сатуу фактысы боюнча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө", -деп айтылат маалыматта.



Ссылка: https://barometr.kg/zhash-kyzdardy-turkiyaga-seksualdyk-kulchulukka-satyp-zhrgn-zharan-karmaldy



Добавить комментарий