Жаш дизайнер Максат Санкт-Петербургда өтө турчу "Этно-мода" Эл аралык фестивалына Кыргызстандын атынан катышат

16 ноябрь 2018 14:30 925 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандан чыккан жаш дизайнер Максат Санкт-Петербургда өтө турчу "Этно-мода" Эл аралык фестивалына Кыргызстандын атынан катышат. Бул тууралуу жаш дизайнер Максат Сманов Barometr.kg сайтына билдирди. 

Жакында эле жергиликтүү телеканалдардын биринде өлкөдөгү жаш дизайнерлерге колдоо көрсөтүү максатында "Платформа" долбоору мыкты жана жөндөмдүү дизайнерлердин катышуусунда сынак уюштурган. Сынактын жеңүүчүсү катары Максат Сманов тандалып, Санкт-Петербургдагы өтө турчу эл аралык фестивалга Кыргызcтандын атынан баруу үчүн калыстар тарабынан чечилген. 

"Этно-мода" дизайнерлердин эл аралык сынагы жыл сайын өткөрүлүп, ага Орусиянын ар кайсы шаарларынан жана чет өлкөдөн жаш дизайнерлер келип күч сынашат. 


Ссылка: https://barometr.kg/zhash-dizajner-maksat-sankt-peterburgda-t-turchu-etno-moda-el-aralyk-festivalyna-kyrgyzstandyn-atynan-katyshat



Добавить комментарий