Жасалма акча чыгарган жаран кармалды
Бөлүшүү:
Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш колдексинин 22-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык (акча жана баалуу кагаздард жасалма жасоо) сотко чейинки өндүрүштүн алкагында А.К. аттуу жаранды кармады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматына таянуу менен “Барометр” маалымдайт.
13-октябрда А.К.нын мекемесине тинтүү жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө кармалган адам өз ыктыяры менен 100 доллар номиналындагы 4600 долларды берген.
Аталган материал боюнча соттук-техникалык экспертиза дайындалды.
Кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды.
Ссылка: https://barometr.kg/zhasalma-akcha-chygargan-zharan-karmaldy
Добавить комментарий ×