Жарым саат өлүп, кайра тирилген аял: Тигил дүйнө реалдуу бар

26 июнь 2019 11:22 12647 2 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Американын Аризона штатынын Феникс шаарынын тургуну Тина Хайнс клиникалдык өлүмдү баштан кечирген. Андан соң дарыгерлерге тигил дүйнөнү көрүп келгенин билдирип жатат.  Бул тууралуу abcnews.go.com кабарлады.

Аял май айында жүрөк оорусу кармап, 27 мүнөттөй клиникалык өлүмдү баштан кечирген. Дарыгерлер анын жүрөгүн бир нече ирет жандандырууга аракет кылышкан, бирок аялдын жүрөгү токтогон. Соңунда кызык окуя болуп дарыгерлер үмүтүн үзүп калган учурда аял кайрадан тирилген.

Эсине келгенден кийин аял жасалма дем алдыруучу аппаратка кошулгандыктан адегенде колу менен асманды көрсөткөн, андан соң колу менен жаңсап кагаз жана ручка сураган. Ага аял “бул реалдуу экен” деп жазган.

Кийин аял толук аман-эсен айыгып чыккандан кийин бул дүйнөдөн тышкары дагы дүйнө болорун, ал адегенде түтүктөй болгон жер менен кыпчылып чыгып, аппапак үйлөрдүн үстүнөн учуп өткөнүн сиңдисине айтып берген.Учуп бара жатканда өзүндөй болуп учуп жүргөн бир топ адамдарга кездешкен. Алардын арасынан эки адам келип “сенин бул жерге келишиңе али эрте” деп кармап алышып ийненин көзүндөй тешиктен чыгарып жиберишкен.Ошондон кийин бул дүйнөдө ойгонгон аял палатада жатканын сезген. Аял учуп жүргөн маалда укмуштуудай жеңилдикти сезгенин жана тигил дүйнө бар экенине ишенип калганын кошумчалады.

Окумушутуулар өлүм алдында көргөн мындай учурлар мээдеги агония-өлүм алдындагы суусоо маалындагы процесстерден жана ага кычкылтек жетпегендиктен болот деп эсептешет.

Ссылка: https://barometr.kg/zharym-saat-lp-kajra-tirilgen-ayal-tigil-djn-realduu-bar



Добавить комментарий