Жардам керек! Каза болгон «Кыргызаэронавигация» ишканасынын директорунун туугандары таң аткандан күн баткыча күбө издеп жолдо турушат

5 ноябрь 2018 10:30 1692 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Бишкектеги Душанбинка Масалиева көчөсүнүн кесилишинде колуна плакат кармап, жол кырсыгына күбө болгон адамдарды издеп жаткан аял күндүн суугуна карабай таң аткандан күн батканга чейин тикесинен тик турат. Бул тууралуу аялды көргөндөр социалдык тармактарга "Жардам керек! Жол кырсыгын көргөндөр болсо, күбөлөрдү табышканга жардам бериңиздер. Бул кыз эртең мененки 9:00 дө да турган, кечки 17:00те да турат. Демек, күндун суугуна карабастан турса, абдан эле жардамга муктаж болуп жаткандыр"-деген постту Атыр Абрахманова аттуу фейсбук колдонуучу жазып чыкты. 

Эске салсак, бул эртеден кечке турган аял жакында эле жол кырсыгынан мушташып каза болгон «Кыргызаэронавигация» ишканасынын башкы директору Маматназар Жакыпбаевдин туугандары. 

 21-октябрда “Лексус” жана “Тойота Камри” үлгүсүндөгү автоунаалар Токтоналиев жана магистраль көчөлөрүнөн кагылышкан. Айдоочулар унаадан түшө калышып айтышып, андан соң мушташка чейин алып барган. Жыйынтыгында Маматназар Жакыпбаев мушташып жатып, бордюрга башы менен кулап түшүп каза болуп калган. 

Соттук иштерден кийин Маматназар Жакыпбаевдин уулу адилеттүү тергөө болбой жаткандыгын айтып, окуяга күбөлөрдү издеп жатышкан.


Ссылка: https://barometr.kg/zhardam-kerek-kaza-bolgon-kyrgyzaeronavigaciya-ishkanasynyn-direktorunun-tuugandary-ta-atkandan-kn-batkycha-kb-izdep-zholdo-turushat



Добавить комментарий