Депутат: жакыр адамдардын кирешеси жашоо минимумунан ашпайт

18 март 2020 13:22 620 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жогорку Кеңеште комитети жарандын сотко мүлктүк доо боюнча кайрылуусундагы мамлекеттик алымдардын жогорку чегин аныктоого багытталган “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодекске, Жарандык процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Демилгечи – депутат Кенжебек Бокоев. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. 

Демилгечи мыйзам долбоору башка өлкөлөрдүн тажрыйбасына таянуу менен иштелип чыкканын, ошондон улам жарандын сотко мүлктүк доо боюнча кайрылуусундагы мамлекеттик алымдардын жогорку чегин жашоо минимумунун 600 көрсөткүчүндө же 60 миң сом өлчөмүндө аныктоо керектигин белгиледи. 

«Канча нарктагы мүлктүк доо коюлбасын, мамлекеттик алымдын өлчөмү жашоо минумунун 600 көрсөткүчүнөн ашпоого тийиш. Азырыча баардык жарандарда бирдей материалдык мүмкүнчүлүк жок», - деп, Кенжебек Бокоев мыйзам долбооруна карата Өкмөттүн оң корутундусу бар экенин кошумчалады.

Депутат Элвира Сурабалдиева социалдык коргоо органдарынын жакырчылык тизмесине кирген адамдар үчүн жарандын сотко мүлктүк доо боюнча кайрылуусундагы мамлекеттик алымдарды толугу менен алып салуу сунушун берди. 

«Жакыр адамдардын тизмесине кирген жарандын кирешеси жашоо минимумунан ашпайт. Демек, ал мамлекеттик алымдардын чегиндеги каражатты төлөөгө мүмкүнчүлүгү жок.

Баяндамачы мыйзам долбоорунда мындай жобо бар экенин билдирди. 

«Социалдык коргоо органдары өздөрүнүн жакырчылык тизмесин жыл сайын жаңыртып турат. Конститциялык палатанын түшүндүрмөсүнө ылайык, мүлктүк доо-арызды караган сот органдары мамлекеттик алымдарды киреше табуу максатында эмес, соттук кароого жумшалган чыгымдардын ордун жабуу үчүн алынат. Биз андай жарандар үчүн бир эсептик көрсөткүчтү калтырып жатабыз – 100 сом», - деди Кенжебек Бокоев.

Жогорку соттун төрагасынын орун басары Айнаш Токбаева сунушталган мыйзам долбоорунда айрым бир карама-каршылыктар экенин, ошондон улам каршы болуп жатканын билдирди. 

«Биз мыйзам долбоору тармактык комитетте талкууланып жатканда өз оюубузду айтканбыз. Сот органдары мыйзамдарга таянып иштейт, ошондуктан мыйзам жоболору так болушу зарыл. Андагы эканжы түшүнүктөр ар кандай талаш-тартыштар менен нааразычылыктарга алып келет», - деди ал.

Депутат Айнуру Алтыбаева мыйзам долбоорунун концепциясын колдой турганын билдирүү менен бирге, мыйзамдарды коррупциялык жосундарга жол берген жоболордон тазалоо зарылдыгын баса белгиледи.

Ссылка: https://barometr.kg/zharandyn-sotko-mlktk-doo-boyuncha-kajryluusundagy-mamlekettik-alymdardyn-zhogorku-chegi-anyktaluuda



Добавить комментарий