Жаранды бычактоого шектелип жаткан депутатка издөө жарыяланды

4 сентябрь 2018 16:40 1379 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Токмок шаарында Жаранды бычактоого шектелип жаткан 1988-жылы туулган Т.Ж. аттуу жаранга расмий издөө жарыяланды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Маалыматка ылайык, шектүүнүн бөгөт чарасы сотто каралып, камакка алынсын деген айыбы сыртынан угузулду.

Белгилей кетсек, 26-август күнү Токмок шаарынын мал базарынан Ж.Т. аттуу жаран бычакталып, ооруканага түшкөн. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 27-97-беренеси ("Адамдын өмүрүнө кол салуу") менен иш козголгон. Айрым маалымат каражаттары кылмышка шектүү Токмок шаардык кеңешинин депутаты экенин жазышкан.

Ссылка: https://barometr.kg/zharandy-bychaktoogo-shektelip-zhatkan-deputatka-izd-zharyyalandy



Добавить комментарий