Атактуулар адал деп жарнамалаган "Ихсан" кооперативинин төрайымы кармалды

12 июль 2022 10:56 2323 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Атактуулардан баштап дин аалымдары да жарнамалап, элди оңой батир алууга үндөгөн "Ихсан" кооперативинин башкы директору кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Маалым болгондой, 2022-жылдын март айынын башынан тартып ушул кезге чейин республиканын бардык аймактарынан ушул кооперативге мүчө катары кирген жарандардан көптөгөн арыз-даттануулар келип түшкөн.
«Ихсан» коммерциялык эмес турак жай кооперативинин башкармасына жана негиздөөчүлөрүнө карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) жана 210-беренеси (ишенип берилген мүлктү ээлеп алуу же коротуу) менен кылмыш иши козголгон.

"Жарандар менен “Ихсан Групп ЛТД” кооперативинин ортосунда түзүлгөн келишимдердин негизинде, турак жай жана автоунаа сатып алуу үчүн акча каражаттарын, кирүү акысына 4% жана 7% өлчөмүндө, ошондой эле алынган мүлктүн наркынан 25%, 35% жана 50% өлчөмүндө баштапкы төгүмдөрдү төлөшкөн.

Учурда жарандар ушул убакка чейин салынган акча каражаттарына турак жай жана автоунаа алыша элек, ал эми турак-жай жана автоунаа сатып алуудан баш тарткан жарандарга кооперативдин жетекчилиги коммерциялык эмес турак-жайдын кассасына төлөнгөн аларга таандык акча каражаттарын «Ихсан Групп ЛТД» кооперативи кайтарып берген эмес.

Жарандардан келип түшкөн арыз-даттануулар боюнча жалпы келтирилген зыяндын өлчөмү 121 313 950 сомду түзүп, «Ихсан Групп ЛТД» коммерциялык эмес турак жай кооперативинин жетекчилиги тарабынан ушул убакытка чейин жарандарга келтирилген зыяндын орду толтурулган эмес.

2022-жылдын 11-июлунда Кыргыз Республикасынын Жазык-процесттик кодексинин 96-беренесинин талабына ылайык, кылмышка шектүү катарында «Ихсан Групп ЛТД» коммерциялык эмес турак жай кооперативинин директорлор кеңешинин төрайымы 1975-жылы туулган Б,А. Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына кармалды", -деп айтылат маалыматта.

Ички иштер министрлиги жарандарга мындан ары «Ихсан Групп ЛТД» кооперативинин мүчөлүгүнө кирүүдөн карманууну суранат. Себеби, бул кооперативдин ишмердүүлүгүндө каржы пирамидасынын белгилери бар, ал эми жарандар тарабынан салынган акча каражаттар кайра кайтарылбай калышы мүмкүн экенин эскертет.

Учурда, аталган кылмыш иш боюнча тергөө амалдары уланып жатканы белгилүу болду.

Ссылка: https://barometr.kg/zharandardyn-120-mln-somgo-zhakyn-akchasyn-kajtaryp-bergen-emes-ihsan-kooperativinin-trajymy-karmaldy



Добавить комментарий