Милиция кыргызстандыктарды кемсинткен Даниэль Ажиевди кармады. Ал марихуана чегип алганы аныкталган

27 март 2020 11:31 2655 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жек көрүү жана кастыкты козутууга түрткөн ачык билдирүү боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүүдө. Акыркы убактарда социалдык тармактарда жана ЖМКда бир жарандын элди кемсинткен билдирүүсү талкууланып, бир катар нааразычылыктарды жараткан. Ал жек көрүү  жана кастыкты козутууга түрткөн кемсинткен сөздөр коштолгон ачык билдирүү жасаган. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди. 

26-март күнү Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы тарабынан сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлө баштаган. Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 313-беренесинде (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу) көрсөтүлгөн кылмышты жасоого шектелип Бишкек шаарынын тургуну, 1990-жылы туулган Даниэль Ажиев  кармалып, Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Күбөлөндүрүүнү жүргүзүү учурунда ал марихуана баңгизатын колдонгондугу аныкталды.

Эске салсак, Ажиевдин жасаган билдирүүсү боюнча бир катар ырчылар дагы нааразычылыктарын билдирген. Алардын арасында Анжелика да бар. Ал кыргыз элин кемсинткен жаран айткан сөздөрү үчүн жооп бериши керектигин айткан.

Ссылка: https://barometr.kg/zharandardy-kemsintkeni-chn-zhoop-beret



Добавить комментарий