Чек арадагы ок атышууда жарадар болгон он адам Бишкектеги ооруканага жеткирилди

17 сентябрь 2019 15:48 3390 Жайнагул Такенова
Бөлүшүү:
ok

Кечээки Тажик-кыргыз чек арасындагы ок атышуудан жаракат алган бейтаптар Бишкекке алынып келинди. Ал эми үч бейтаптын абалы оор болгондуктан Лейлек райондук ооруканасында калган. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Жаракат алгандар Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жайгаштырылды. Алардын бешөөсү чек ара кызматкеркерлери, калганы жергиликтүү тургундар.

Эске сала кетсек, кечээ 16-сентябрда Лейлек районунун Максат айылындагы Тажикстан менен чек арада ок атышуу катталды. Анда 1 чек ара аскери набыт болуп 13 киши жаракат алган. Арасында жергиликтүү тургундар, жаш балдар бар. Алардын 10у Бишкекке жиберилди.

Ссылка: https://barometr.kg/zharadar-bolgon-adam-bishkekktegi-oorukanada



Добавить комментарий