Жапаровдун тарапташтары Жогорку соттун чечимине нааразы, "наалат, уят" деп кыйкырып чыгышты

14 июнь 2018 07:00 1401 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жогорку Сот экс- депутат Садыр Жапаровго чыккан шаардык соттун өкүмүн күчүндө калтырды.

"Шаардык соттун чечими күчүндө калтырылсын" деген чечимди укканда залдагылар "наалат, уят" деп кыйкырып чыгышты. Сотту көздөй жулунгандары да болду. 

Эскерте кетсек , Садыр Жапаров 2013-жылы октябрда болгон митинг учурунда Эмилбек Каптагаевди барымтага алууну уюштурууга тиешеси бар деп айыпталып, 2017-жылы 2-августта Бишкектин Биринчи Май райондук соту тарабынан 11,5 жылга кесилген. Кийин райондук соттун чечимин Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган.

Ссылка: https://barometr.kg/zhaparovdun-taraptashtary-zhogorku-sottun-chechimine-naarazy-naalat-uyat-dep-kyjkyryp-chygyshty



Добавить комментарий