Жапаровдун тарапташтары Жогорку соттун чечимине нааразы, "наалат, уят" деп кыйкырып чыгышты
Поделиться в:
Жогорку Сот экс- депутат Садыр Жапаровго чыккан шаардык соттун өкүмүн күчүндө калтырды.
"Шаардык соттун чечими күчүндө калтырылсын" деген чечимди укканда залдагылар "наалат, уят" деп кыйкырып чыгышты. Сотту көздөй жулунгандары да болду.
Эскерте кетсек , Садыр Жапаров 2013-жылы октябрда болгон митинг учурунда Эмилбек Каптагаевди барымтага алууну уюштурууга тиешеси бар деп айыпталып, 2017-жылы 2-августта Бишкектин Биринчи Май райондук соту тарабынан 11,5 жылга кесилген. Кийин райондук соттун чечимин Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган.
Добавить комментарий ×