Жапаров: Ак үйдү тезинен калыбына келтирүү керек. Ага 450 млн сом керектелет

22 октябрь 2020 18:46 2952 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жогорку Кеңешке шайлоо мөөнөтүн узартуу тууралуу мыйзам долбоорун демилгелегендердин бири Акылбек Жапаров журналисттерге Ак үйдү калыбына келтирүүгө 450 млн сом кетерин айтты.

Ал талкаланып иштөөгө мүмкүн болбой калган Ак үйдүн имараттын тез арада оңдоо керектигине токтолду.

"Ак үйдү тез арада калыбына келтирбесек суук түшүп кетсе, жылуулук өткөрүүчү түтүктөр жарылып калса анда чыгымдар эке эселеп көбөйөт. Ошондой эле, Ак үйдүн дарбазасын алып салып, түшкө чейин биз иштесек, түштөн кийин эл саякат кылып чыкса боло тургандай кылыш керек. Анткени ал жакта эч нерсе жок, кызыктар болгондор кирип көрүп турушу керек. Кыргыздар биз жаман экенбиз, жинибиз келгенде эле баарын талкалап салат экенбиз. Негизи Ак үйгө ошол дарбаза курчалгандан кийин балээнин баары башталды", - деди Жапаров.

Ал кошумчалагандай, 2010-жылдагы төңкөрүштө Ак үй талкаланганда, аны калыбына келтирүүгө 380 миллион сом кеткен.

Ссылка: https://barometr.kg/zhaparov-akjd-tezinen-kalybyna-keltir-kerek-aga-450-mln-som-kerektelet



Добавить комментарий