Жанар тоонун кыйраткыч күчү чексиз болууда (видео)
Испаниянын Ла-Пальма аралындагы жанар тоонун лавасы деңизге агып жатат. Бул тууралуу чет элдки басылмаларга таянуу менен “Барометр” кабарлайт.
Температурасы миң градустан ашкан тоо массиви жол менен агып деңизге кирүүдө.
Премьер-министр Педро Санчес буга байланыштуу 206 миллион евро турган чукул көмөк берүү тууралуу программаны жарыялады.
Анткени жанар тоо атыла баштагандан бери миңдеген имараттар талкаланып, айыл чарбасына жана аралдын инфраструктурасна аябагандан чоң зыян келди.
5 500дөн ашык адам үйлөрүн таштап коопсуз жайга көчүрлдү.
Ла-Пальма аралынын түштүк жагында жайгашкан бул жанар тоо 19-сентябрда ойгонгон. Вулканологдор анын качан токторун болжой албай жатышат.
Ссылка: https://barometr.kg/zhanar-toonun-kyjratkych-kch-cheksiz-boluuda-video
Добавить комментарий ×