"Альянс Алтын" ишканасынын кызматкерлери 3500 метр бийиктиктеги тоо текелерди камкордукка алышты
Жерүй алтын кенин иштетүүчү “Альянс Алтын” компаниясы айлана-чөйрөнү коргоого жана камкордукка өзгөчө көңүл бурат.
Таласта, Жерүй кенине жакын жерде ишкананын кызматкерлери деңиз деңгээлинен 3500 метр бийиктикте жапайы жаныбарлар үчүн туз жалагычтарды жаңылашты.
Ал эми, бир нече сааттан кийин бул аймакта Кызыл китепке кирген 6 баш тоо теке пайда болду.
Жазында жапайы жаныбарларга жем табуу кыйын, анткени бийик тоолуу аймактарда кар жаңыдан эрий баштагандыктан кар астында былтыркы чөп дээрлик жок, жаңы чөп азырынча чыга элек.
Узакка созулган кыштан кийин жаныбарлар кошумча азыктандырууга абдан муктаж.
Буга байланыштуу, компания Кызыл китепке кирген жапайы жаныбарлардын бардык түрлөрүн сактоо жана жайылтуу боюнча Талас облусунун мергенчилери жана балыкчылары менен активдүү иш алып барууда.
Добавить комментарий ×