Испанияда жанар тоонун лавасы 300 үйдү каптап кетти
Испаниянын бийлиги жанар тоонун атылышынан улам Ла-Пальма аралындагы Эль-Пасо муниципалитетинин бир бөлүгүнүн калкы эвакуациялана турганын жарыялады.Бул тууралуу Reuters булагына шилтеме кылуу менен “Барометр” маалымдайт.
Аралдагы 8 миңдей калктын 6 миңи жекшемби күнү жанар тоо атыла баштаган кезде өз үйлөрүн таштап кетишти.
Бийлик төрт айылды эвакуациялап, анын жашоочуларына убактылуу баш калкалоочу жай берди. 21-сентябрга карата жанар тоонун лавасы 103 гектарды жана 300 үйдү каптап калды.
Испаниянын премьер-министр Педро Санчес бул кырсыктан улам Нью-Йоркто боло турган БУУнун жыйынына барбай калды.
Эскерте кетсек, жанар тоонун атылышына 4,2 баллга жеткен жер титирөө себеп болгон.
Ссылка: https://barometr.kg/ispaniyada-zhanar-toonun-lavasy-300-jd-kaptap-ketti
Добавить комментарий ×