Жан дүйнө: Жубайым менин балалуу боло албасымды билбей мага кыз төрөп берди

16 сентябрь 2020 15:59 12779 5 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Баш кошконубузга бир канча жыл болду. Окууну  аяктап, диплом алууга окуу жайга келип, жаңыдан студент болгон тыпырайган жаш кызды көрүп, көзүм түшүп калды. Ал менден 5 жаш кичүү эле. Көптөгөн аракеттердин артынан мен ал кыздын жүрөгүн багындырып алдым. Экөөбүз кыз-жигит болуп 3 жыл сүйлөштүк.

“Жарашыктуу жубай болдук...”

Ата-энем үйдүн жалгыз уулу болсоң, жүрө бербей үйлөн деп кыйнай башташты. Көрүнгөн таанышынын кызын айтып эле туруп алганынан өзүмдүн жактырган кызым бар экенин айттым. Дароо эле алып кел деп башташты. Бишкекке барып кызыма айттым. Ал учурда азыркыдай кудалар жолугуп, сөйкө салып, анан үлпөт көйнөк тандап машакаттанбай эле жаштардын көбү шартка жараша үйлөнүп алышчу. Үйлөнүү тууралуу сунушту айтсам кызым алгач эртерээк, бир аз күт деп жаткан. Апам шаарга келип алып кетет, үйлөн деп жатышат десем күлүп: “Апаң келбей эле койсун, өзүм эле барам” – деп мени ээрчип Токтогулга келди. Жолдон дос балдарым тосуп алышты. Үйгө алып барып, дароо эле кыздын төркүндөрүнө кудалар жөнөп кетишти. Ошентип бактылуу жашообуз башталды. Экөөбүз тең дарыгербиз. Иш табуудан кыйынчылык тарткан жокпуз.

“Балалуу болууну зарлап күттүк...”

Жартканым биздин жашоону баарын ойдогудай берди. Татынакай жубайым бар. Ата-энем, бир туугандарымды сыйлаган, мени тике карап сүйлөбөгөн жарды белек кылды. Экөөбүз сен деп үндү катуу чыгарып урушкан жокбуз. Куда-кудагыйлар да ынтымактуу чыгышты. Бир гана  арманыбыз балалуу боло албай көпкө жүрдүк. Барбаган дарыгерибиз калган жок. Жада калса кыргызча мазарларга да барып сыйынып жүрдүк. Дээрлик 8 жыл балага зар болуп жашадык. Канчалар ажыраш, башка аял алсаң балалуу болосуң деп айтышты. Бирок жубайымды кыя алган жокмун. Ал болсо 8 жыл бою өзүн күнөөлүү сезип, кетем деген да күндөрү болду. 8 жыл дарыланып жүрүп, 9-жылы Бишкекте көпкө чейин дарыланам деп жүрдү. Ошол эле жылы сүйүнүчтүү кабар уктук. Шаардан келип эле боюмда бар экен деп кубанып калды. Баарыбыз кубандырган жаңылык болду. Зарлап күткөн кызыбыз төрөлдү. Үйүбүз ого бетер бакытка толуп эле жыргап калдык.

“Менин  жашоомду талкалаган күмөн ойлор...”

Күндөрдүн биринде дагы балалуу болсок деген ой келди. Биринчиси болду эми дагы бала жытын жыттоого эмнеге болбосун. Балким күнөө менде болуп жүрбөсүн, жөн эле  текшерилип көрөйүнчү деп чет өлкөдөн текшерилүүнү туура көрдүм. Ошол учурда Россияга командировкага бара турган болуп калдым. Иш сапары учурунда Россиянын мыкты клиникаларынын биринен текшерилдим. Анализдин жыйынтыгы мени ушунчалык санаага батырды. Көрсө күнөөнүн баары менде экен. Мен балалуу боло албайт экенмин. Анда кызым кимдики. Кантип жубайым мени алдады. Балким ал деле эне болгусу келгендир... Бирок...Мени кантип алдады. Эми мындай күмөн ой менен кантип жашайм. Жубайыма жүрөгүм муздай баштады. Бирок мен кызымды өз кызымдай жакшы көрөм.  Адам болуп жаралганы алгач жолу өзүңдүн балаң деп  колуңа карматса кичинекей ымыркайды сүйбөй кое албайт экенсиң. Балага болгон сүйүүм өзгөргөн жок. Мен аны чексиз сүйөм. Анын атасыз өсүүсүн каалаган жокмун. Баягы сырым жүрөгүмдө калды. ДНК тест Россияда, Казакстанда тапшырса болот экен. Балам балким меники болуп жүрбөсүн, анализ жаңылыш чыгып калса керек деп өзүмдү сооротуп, ДНК тест тапшыруудан баш тарттым. Эгер бала сеники эмес деген кагаз карматышса анда жашоодон кечип кетмекмин... Ошол себептен ДНК тесттен корком. Менин гана жүрөкзаадам, санаам, ички бугум болбосо, бардыгы ойдогудай жашап жатабыз...

Ссылка: https://barometr.kg/zhan-djn-zhubajym-menin-balaluu-bolo-albajt-ekenimdi-bilbej-maga-kyz-trp-berdi



Добавить комментарий