ЖАМК абак жайларда өндүрүш ачыш үчүн инвесторлорду издеп жатат

5 апрель 2019 15:24 3271 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы абак жайларда өндүрүш ачыш үчүн инвесторлорду издеп жатат. Бул тууралуу Бишкекте болгон басма сөз жыйынында ЖАМКнын төрагасынын биринчи орун басары Таалайбек Нуралиев билдирди.

Анын айтымында, баардык абак жайларда өндүрүш участокторун ачуу боюнча план иштелип чыкты.

“Союз мезгилинде бүт колонияларда өндүрүш бар болчу.Бир аз мурда № 16 абак жайда кирпич заводду ачтык, 82 киши иштеп жатат. Акырындык менен жаңы өндүрүштөрдү ача бермекчибиз.Бул үчүн инвесторлор зарыл”,-деп айтты ал.

Таалайбек Нуралиев белгилегендей орто эсеп менен колониялардын шартында кирпич заводду ачууга 10-15 миллион сом керектелет.

 

Ссылка: https://barometr.kg/zhamk-abak-zhajlarda-ndrsh-achysh-chn-investorlordu-izdep-zhatat



Добавить комментарий