Жамал Сейдакматованын жолдошу профессор Садыр Назаров каза болду
Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер Садыр Назаров 83 жашында катуу оорудан улам каза болду. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматына шилтеме берип «Барометр» билдирет.
Залкар актриса Жамал Сейдакматованын жолдошу Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, техника илимдеринин кандидаты, профессор Садыр Назаров 83 жашында катуу оорудан улам каза болду. Ал 1937- жылы Жалал Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Кара- Суу айылында туулган.
Назаров көп жылдар боюу Кыргыз мамлекеттик политехникалык институнун окутуучусу, проректору болуп кызмат өтөгөн. 1991-жылдан тартып өмүрүнүн акырына чейин “Тунгуч” театрынын башкы директорунун кызматын аткарган.
«Садыр Назаров илимий-педагогикалык ишмердүүлүгүнөн кийин бүтүндөй өмүрүн, уюштуруучулук талантын “Тунгуч” театрын өсүп-өнүктүрүүгө, чыгармачылык бийиктиктерге чыгуусуна арнаган. “Тунгуч” театры тынымсыз чыгармачылык ийгиликтерге жетишип, кыргыздын сахна өнөрүн Европа, Азия, Америка, Африка мамлекетерине чейин таанылышына С. Назаровдун кошкон салымы зор. Тунгуч” театры Египетте (Каир), Колумбияда (Богота), Германия (Мюльхайм), Иранда (Тегеран), Кытайда (Үрүмчү), Россияда (Москва, Уфа), Өзбекстанда (Карши), Казакстан (Алматы, Астана), Түркияда (Стамбул) өткөн эл аралык театр фестивалдарына катышып, ийгиликтер менен кайткан. Бир нече жолу Баш байгелерди багындырган. Ал эми Кытай Эл Республикасына “Тунгуч” театры беш ирээт чакырылып, эл аралык театр фестивалына катышкан. Буга театрдын көркөм жетекчиси, кыргыз театр жана кино искусствосунун залкары Жамал Сейдакматова менен анын материалдык-техникалык жактан шарт түзүп турган театрдын директору Садыр Назаровдун опол тоодой эмгеги бар», - деп айтылат маалыматта.
Мындан сырткары, “Тунгуч” театры Республикасынын ичинде да, тынымсыз гастролдук турнелерди өткөрүп, Ала-Тоонун бүтүндөй аймактарын кыдырып, элин кыргыз театр искусствосун сүйүүгө жана урматтого, ошондой эле жаңы өсүп келе жаткан тетар ышкыбоздорунун тушоосун кескен.
Маркумдун өмүрлүк жары, КРнын эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, залкар актриса Жамал Сейдакматовага, уул-кыздарына жана бир туугандарына «Барометрдин» жалпы жааматы терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Ссылка: https://barometr.kg/zhamal-sejdakmatovanyn-zholdoshu-professor-sadyr-nazarov-kaza-boldu
Добавить комментарий ×