Жалган маалымат таратсаң жооп бересиң. ИИМдин эскертүүсү
Акыркы убактарда WhatsApp мессенджеринде жана башка социалдык тармактар аркылуу кылмыш жасалгандыгы жөнүндө жалган маалыматтарды жайылткан учурлар көп кездешүүдө. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.
ИИМ кылмыш жасалгандыгы жөнүндөгү жалган маалымат тараткандар Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 344-беренесине ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертет.
Ички иштер министрлиги жарандарды социалдык тармактар жана Интернет аркылуу кылмыш жасалгандыгы жөнүндө жалган маалыматтарды таратпоого чакырат.
Ушундай фактылар боюнча ички иштер органдарына 102 кызматы аркылуу маалымдап коюуңарды билдирет. Кыргыз Республикасынын Мыйзамын билбегендик жарандарды кылмыш жоопкерчилигинен бошотпойт.
Ссылка: https://barometr.kg/zhalgan-maalymat-chn-zhoop-beresin
Добавить комментарий ×