Жалдагы мушташ: Эки жаранды мыкаачылык менен сабагандары калкалаган милиция кызматкери колго түштү

11 сентябрь 2019 18:08 1644 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкектин Жал кичи районунда эки жаранды мыкаачылык менен сабаган шектүүлөрдү калкалаган Казыбек Бапышев колго түштү. Ал кечээ кармалганын Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) маалымат кызматы бүгүн билдирди.

Кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.

Чүй облустук милициясынын криминалдык милиция кызматынын уюшкан кылмыштуулука каршы күрөшүү бөлүмүнүн мурунку кызматкери Казыбек Бапышов УКМК жүргүзгөн ыкчам-издөө иш чараларынын алкагында кечээ колго түшкөн.

Эске алсак, 2019-жылдын 28-августунда Бишкек шаардындагы Ахунбаев - Курчатов көчөлөрүнүн кесилишиндеги “Ярмарка” дүкөнүнүн жанында Калысбек Сейитбеков менен Жаныбек Бапышов экөө У.Белеков жана А.Молдожиевдерди катуу токмоктогон. Ал мушташ дүкөндүн видео байкоо камерасына тартылып калган.

Окуядан кийин Чүй облусунун ШИИБ КМК уюшулган кылмыштуулука каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкери Казыбек Бапышов кылмышты өз убагында аныктоого тоскоолдук кылуу максатында жана Бишкек шаардык ШИИБ милициянын күзөттөгү кайгуул кызматынын экипажы Казыбек Бапышов менен биргеликте сүйлөшүп алып аталган кылмышка катышкан адамдардын изин жашырган.

Бул окуя Бишкек шаарынын Ленин райондук прокуратурасы тарабынан кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренси 2-бөлүгү жана 348-берененин 1-бөлүгү боюча катталып тергөө иштери УКМК Бишкек шаардык башкы башкармалыгынын тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген.

Ссылка: https://barometr.kg/zhaldagy-mushtash-eki-zharandy-mykaachylyk-menen-sabagandary-kalkalagan-miliciya-kolgo-tsht



Добавить комментарий