Жалал-Абаддын 43 жаштагы тургуну дайынсыз болуп изделүүдө

28 июль 2022 09:53 682 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Сузак районунун Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн Жаңы-Айыл айылынын 43 жаштагы тургуну дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Маалым болгондой, Жалал-Абад облусунун 1979-жылы туулган тургуну Өмүрбек Исламов 2022-жылдын 11-июль күнү саат 09.30 чамаларда үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз жок болууда.

Учурда Өмүрбек Исламовдун жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.

Белгилери: бою 175-180 см, өңү ак жүздүү, чачы кара кыска, кашы көзү кара, орто дене түзүлүштө.

Кийген кийимдери: башында боз түстөгү кепка, үстүндө боз түстөгү футболка жана спорт шым,   бутунда күрөң түстөгү красовкачан болгон.

Дайынсыз болуп жаткан Өмүрбек Исламов боюнча кандайдыр бир маалымат болсо мтлицияга кабарлап коюуңуздарды суранабыз.

Байланыш телефондогу:  03722-7-39-90, 102, 0553-78-00-78, 0777 80-65-68



Ссылка: https://barometr.kg/zhalal-abaddyn-43-zhashtagy-turgunu-dajynsyz-bolup-izdeld



Добавить комментарий