Жалал-Абаддагы Көк-Жаңгак шаарчасынын жанына жер көчкү түштү

19 декабрь 2018 10:34 1556 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Жалал-Абад облусундагы Көк-Жаңгак шаарындагы сел өтүүчү каналга жер көчкү түштү. Бул тууралуу ӨКМ билдирди. 

Маалыматта айтылгандай, 2018-жылдын 18-декабрь күнү болжол менен саат 08:00 чамасында түшкөн жер көчкүнүн көлөмү 20000м3 ду түзөт.

Алдын ала берилген маалыматтарга караганда адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес.

Окуя болгон жерге  ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынан ыкчам топ  барып, жер көчкүдөн жабыркагандар жок жана көчкү турак жайлардан 300 метр алыстыкта экендигин аныкташкан.  

Бүгүн, 19-декабрда Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан кошумча тактоо иш-чаралары жүргүзүлөт.

          

Ссылка: https://barometr.kg/zhalal-abaddagy-kk-zhagak-shaarchasynyn-zhanyna-zher-kchk-tsht



Добавить комментарий