Базар-Коргон районуна жаңы аким дайындалды

24 май 2023 12:46 455 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Мирлан Карагулов Базар-Коргон районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон. 

“Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна ылайык, Карагулов Мирлан Кынатбекович Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким болуп дайындалды жана ал буга чейин ээлеген кызматынан бошотулду”, -деп айтылат маалыматта. 

Ссылка: https://barometr.kg/bazar-korgon-rajonuna-zhay-akim-dajyndaldy



Добавить комментарий