Жалал-Абаддагы балдардын психоневрологиялык диспансеринде 14 бала кургак учукка кабылды
Жалал-Абаддагы балдардын психоневрологиялык мекемесинде 14 бала кургак учукка кабылган. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук Кургак учукка каршы күрөшүү борборунун жетекчиси Бурулкан Кадырова билдирди.
Ага ылайык, 2020-жылдын 4-апрелинде балдардын психоневрологиялык стационарынын жетекчилиги төрт балада илдет шектелип жаткандыгын айтып, Кургак учукка каршы күрөшүү борборуна кайрылган. Аталган мекеменин дарыгерлери балдарды текшерип, төртөөндө тең оору тастыкталган. Кийин мекемедеги балдардын баары текшерүүдөн өтүп, 14 баланын анализи курчак учуктун бар экенин тастыктаган.
"Учурда балдар психоневрологиялык стационардын имаратында өзүнчө дарыланып жатышат. Атайын бөлүнгөн адистер балдарды күн сайын көзөмөлдөп турат. Эки ай дарылангандан кийин кайрадан текшерүүдөн өтүшкөн, анализдери жакшы", — деди Кадырова.
Добавить комментарий ×