Жалал-Абадда жасалма 30 миң доллар менен диний уюмдун өкүлдөрү кармалды

19 февраль 2020 11:12 825 1 Barometr
Бөлүшүү:
ok

УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы жасалма акчаларды сатууга аракеттенгендерди кармады.

Агы ылайык, 16-февралда ыкчам-тергөө иш чаралары учурунда 100 доллар номиналындагы 30 миң долларды сатууга аракеттенген 1986-жылы туулган Х.М. диний уюмдун өкүлү 1982-жылы туулган К.Н. жана 1971-жылы туулган К.Б. аттуу жарандар колго түшкөн.

Такталган маалымат боюнча жасалма акчалар коңшу мамлекеттен Кыргызстанга келип, 10 миң жасалма долларды 4 500 чыныгы долларга алмаштыруу пландалган.

Жасалма акчалар чек арадан мыйзамсыз алынып өткөн.

Аталган факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки тергөө амалдары башталды.

Ал эми кармалган жарандар Жалал-Абад шаардык сотунун өкүмү менен УКМКнын Ош шаарындагы убактылуу кармоо жайына эки айга киргизилди.

Ссылка: https://barometr.kg/zhalal-abadda-zhasalma-30-mi-dollar-menen-dinij-uyumdun-kldr-karmaldy



Добавить комментарий