Жалал-Абадда жалган маалымат тараткандар текшерүүгө алынды

2 апрель 2020 13:14 397 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жалал-Абад областынын жана өзгөчө абал киргизилген Жалал-Абад шаары, Сузак районунун аймагында коомдук саясий абал туруктуу жана көзөмөлдө болду. Бул тууралуу Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча комендатурасынын басма сөз кызматы билдирди. 

2020-жылдын 1-апрелинен 2-апрелге караган бир сутка ичинде областтын аймагында жана коменданттык саат киргизилген аймактарда баары болуп – 18 кылмыш окуялар катталган. Алардын ичинен “Коронавируска” тиешелүү такталбаган жалган маалыматтарды тараткан, текшерүүнү талап кылган – 2 факты катталып (Аксы, Чаткал), учурда текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат. 

Андан сырткары коменданттык сааттын талаптарын бузуп, түнкү мезгилде коомдук жайларда жүргөн ушул күнгө чейин жалпы - 176 жаран кармалып ШРИИБге жеткирилген болсо, сутка ичинде Жалал-Абад шаарынын аймагынан – 3, ал эми Сузак району боюнча – 4 атуул коменданттык сааттын эрежесин бузушуп, РИИБге жеткирилген. Ошондой эле аталган аймактардан жалпы - 111 автоунаа кармалып, айып аянтчасына коюлган.

Ошондой эле, “өтө зарыл жүктөрдү өткөрүү жөнүндө” буйруктун негизинде күнүмдүк азык-түлүк жана керектелүүчү мөмө-жемиштерди ташыган автоунаалар Бишкек-Ош жана Ош-Бишкек автожолундагы “Беш-Кепе” жана “Боз-Чычкан” блокпостторунан КРнын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлеринин коштоосу менен өткөрүлүп жатат. Өткөн сутка ичинде - 44 жүк ташуучу, - 6 жеңил унаалар өткөрүлгөн.

Ссылка: https://barometr.kg/zhalal-abadda-zhalgan-maalymat-taratkandar-teksherg-alyndy



Добавить комментарий