Жалал-Абадда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

15 май 2020 17:39 1880 Barometr
Бөлүшүү:
ok

10-мартта саат 16:00дөр чамасында Сузак районунун Көк-Жаңгак шаарына караштуу талаада А.А. аттуу жаранды Б.Б. жана шериктери Д.У., А.Т. жана башка тергөөдө ким экени аныктала элек шериктери менен “Сен зонанын акчаларын жеп коюпсуң” деп көптөп урушуп, денесине жараат келтиришкен.  Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди. 

Аталган  факты Сузак РИИБдин КЖБРне КРнын Жазык кодексинин 266-беренеси (Ээнбаштык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Өндүрүш ишинин алкагында тиешелүү соттук-медицианалык жана башка экспертизалар дайындалган. 

Бул фактынын бетин ачуу максатында Жалал-Абад ОИИБдин жана Сузак РИИБдин опер кызматкерлерине тергөө тапшырмасы берилип, анын негизинде жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында мурда бир нече жолу соттолгон, КРнын ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары каттоодо турган Сузак районунун тургуну 1975-ж.т. Б.Б. кармалып, Жалал-Абад шаардык соту тарабынан 2 айга камакка алынды. Калган шериктерин жоопко тартуу боюнча тергөө жана ыкчам-иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.


Ссылка: https://barometr.kg/zhalal-abadda-uyushkan-kylmyshtuu-toptun-mchs-karmaldy



Добавить комментарий