Жалал-Абадда унаа жарга кулап, бир адам каза тапты
Бөлүшүү:
Жалал-Абад областында жол кырсыгы болуп бир адам каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.
Ведомство берген маалыматка таянсак, кырсык Казарман-Жалал-Абад унаа жолунун 55-чакырымында болгон.
«Ауди 100» унаасынын айдоочусу рулду башкара албай калып жарга кулап кеткен.
Жол кырсыгынан улам 1985-жылы туулган Е.А. каза тапты. Окуя болгон жерде үч куткаруучу иштеп каза тапкан адамдын сөөгүн Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүп беришти.
Ссылка: https://barometr.kg/zhalal-abadda-unaa-zharga-kulap-bir-adam-kaza-tapty
Добавить комментарий ×