Жалал-Абадда унаа жарга кулап, бир адам каза тапты

5 октября 2021 17:42 828 Barometr
Поделиться в:
ok

Жалал-Абад областында жол кырсыгы болуп бир адам каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.

Ведомство берген маалыматка таянсак, кырсык Казарман-Жалал-Абад унаа жолунун 55-чакырымында болгон.

«Ауди 100» унаасынын айдоочусу рулду башкара албай калып жарга кулап кеткен.

Жол кырсыгынан улам 1985-жылы туулган Е.А. каза тапты. Окуя болгон жерде үч куткаруучу иштеп каза тапкан адамдын сөөгүн Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Ссылка: https://barometr.kg/zhalal-abadda-unaa-zharga-kulap-bir-adam-kaza-tapty



Добавить комментарий