Жалал-Абадда областында 7 күн ичинде 11 ок атуучу курал алынды

21 сентябрь 2018 14:20 1043 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жалал-Абадда областында  7 күн ичинде 11 ок атуучу курал алынды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад областык ички иштер башкармалыгынын аймактардагы бөлүмдөрү тарабынан эл арасында мыйзамсыз сактаган ок атуучу куралдарды аныктоо максатында оперативдүү иликтөө иштери жүргүзүлүп анын натыйжасында Тогуз-Торо районунан 2 даана жана Ноокен районунун аймагынан 1 даана сайлуу ок атуучу курал алынды.

“Арсенал оперативдүү алдын алуу иш-чара учурунда Тогуз-Торо районунун Сары-Булун айыл аймагында аталган айылдын 1981-жылы туулган Н.Бактыбек аттуу тургуну 2 даана сайлуу (ТОЗ-8) ок атуучу курал жана ок дарылары менен кармалды. Текшеруу учурунда куралдарга тиешелуу документтери жок болуп чыкты. Бул факты боюнча КЖКнын 241-беренесинин негизинде кылмыш иши козголду жана тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Ушул сыяктуу факт Ноокен районун криминалдык милиция кызматы тарабынан аныкталган. Анда 19-сентябрь күнү Масы айыл аймагынын Кызыл-Туу айылынын тургуну 35 жаштагы Абдрахман аттуу тургундан эч кандай документи жок мыйзамсыз сактап жүргөн ТОЗ-8 үлгүсүндөгү сайлуу ок атуучу куралы 7 даана ок дарысы менен алынып тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары акыркы 7 күн ичинде 11 сайсыз ок атуучу курал алынды”, - деп билдирди басма сөз кызматы.

Ссылка: https://barometr.kg/zhalal-abadda-oblastynda-7-kn-ichinde-11-ok-atuuchu-kural-alyndy



Добавить комментарий