Жалал-Абадда милициянын күжүрмөн даярдыгы текшерилди
Жалал-Абадда милициянын күжүрмөн даярдыгын текшерүүгө байланыштуу гарнизондук саптык кароо өткөрүлдү.Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин маалыматына таянып “Барометр” билдирет.
Бүгүн, 26-январда ИИМ Жалал-Абад шаарынын борбордук “Эркиндик” аянтында Жалал-Абад облусундагы милициянын күжүрмөн даярдыгын текшерүүгө байланыштуу гарнизондук саптык кароо өткөрүлдү.
“Саптык кароого Жалал-Абад ОИИБдин борбордук аппаратынын, Кайгуул-күзөт кызматынын, Жалал-Абад ШИИБдин, Сузак, Базар-Коргон, Ноокен РИИБдин, ИИМдин Атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын, ИИМдин Күзөт кызматынын Жалал-Абад бөлүмүнүн, ИИМдин Ички аскерлеринин 7704 аскер бөлүгүнүн өздүк курамдары катышышты.
Гарнизондук саптык кароодо Жалал-Абад ОИИБдин начальниги милициянын полковниги Жеңишбек Абитов сөз сүйлөп, кызматкерлерди тартипти бекем сактоого чакырды. Ички иштер министрлиги тарабынан коюлган талаптарды так аткарып, жарандар менен сылык мамиледе болуу керектигин белгиледи. ИИМдин Атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын кызматкерлери кылмышкерлерди кармоодон сырткары кайгулдоо багыттарына чыга тургандыгын айтты. Ар бир бөлүм күжүрмөн даярдыкта болуп, өлкөбүздө кандай гана кырдаал болбосун стабилдүүлүктү сактоого, коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөөгө чакырды. Кызматкерлердин бардыгынын формасы талапка ылайык окшош болуусун жана сырткы келбетин ар дайым тыкан алып жүрүүсү зарылдыгын белгиледи.
Соңунда кызматкерлер жана атайын техникалар салтанаттуу түрдө саптык жүрүштөн өткөрүлдү”, -деп айтылат маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/zhalal-abadda-miliciyanyn-kzhrmn-dayardygy-teksherildi
Добавить комментарий ×