Жалал-Абадда кызмат өтөп жаткан жоокер сууга чөгүп каза болду
Бөлүшүү:
Жалал-Абадда кызмат өтөп жүргөн аскер сууга чөгүп каза болду. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, 13-августта Таш-Көмүр шаарындагы №2 издөө-куткаруу отрядынын куткаруучулары Нарын дарыясына чөгүп кеткен жаранды издөөгө барышкан. Көп өтпөй, кызматкерлерге тамак даярдап берип турган 21 жаштагы жоокер табылбай калган. Анын сөөгү эртеси күнү суудан чыгарылды. Учурда министрлик тарабынан комиссия түзүлүп, кызматтык териштирүү жүрүүдө.
Ссылка: https://barometr.kg/zhalal-abadda-kyzmat-tp-zhatkan-zhooker-suuga-chgp-kaza-boldu
Добавить комментарий ×