Жалал-Абадда эл аралык террористтик уюмдун мүчөлөрү кармалды

20 октябрь 2020 14:24 575 Barometr
Бөлүшүү:
ok

УКМК тарабынан эл аралык террористтик уюмдардын эки мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Кечээ, 19-октябрында УКМК тарабынан эл аралык террористтик уюмдардын (ЭТУ) жашыруун структураларын жана аларды каржылоо каналдарын аныктоого, алдын алууга жана бөгөт коюуга багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө КР ИИМ менен биргеликте Жалал-Абад шаарынан кыргыз жарандары «Б.О.» жана «Э.К.» кармалды. Такталгандай, кармалган адамдар 19-октябрда эртең менен ишкерге кол салып 400 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын уурдап кетишкен.

Аларды кармаган учурда уурдалган акча каражаттар, жасалма чет элдик валюталар, ток менен уруучу аппарат жана бычак менен сайылуучу нерселер далил зат катары табылып алынды.Кармалгандар Сириянын аймагындагы мыйзамсыз куралдуу топтордун ишмердүүлүгүнө катышып жана эл аралык террористик уюмдардын башчыларынын көрсөтмөсү менен ЭТУ мүчөлөрүнө каржылык колдоо көрсөтүү үчүн тоноолорду уюштуруу максатында Кыргызстандынын аймагына келишкен.

Сотко чейинки өнүрүштүк материалдар кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.Кармалган адамдар Жалал-Абад шаардык ШИББ тергөө камак жайына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.


Ссылка: https://barometr.kg/zhalal-abadda-el-aralyk-terroristtik-uyumdun-mchlr-karmaldy



Добавить комментарий