Жалал-Абадда дайынсыз болуп жаткан жарандын жансыз денеси дарыядан табылды

16 март 2023 12:13 832 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жалал-Абадда дайынсыз жоголгон жарандын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, буга чейин, Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн Кайың-Суу айылынын 1971-жылы туулган жараны М.К. 1 күндөн бери дайынсыз болуп жатат деген маалымат ыкчам нөөмөт бөлүмүнө саат 08:42де түшкөн.  

“Издөө иштерине Чаткал райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн  №81 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн атайын ыкчам автоунаасы менен 12 куткаруучу жерине  саат 09:00дө тартылып, ыкчам издөө иштеринин натыйжасында аталган жарандын жансыз денесин саат  09:30да Чаткал дарыясынын Кайың-Суу тилкесинен табылып,  РИИБ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди”, -деп айтылат маалыматта. 




Ссылка: https://barometr.kg/zhalal-abadda-dajynsyz-bolup-izdelip-zhatkan-zharandyn-zhansyz-denesi-daryyadan-tabyldy



Добавить комментарий