Жалал-Абадда бакка асылган адамдын жансыз денеси табылды

29 август 2018 16:15 1587 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Жалал-Абад облусунун Кербен шаарындагы турак үйлөрдүн биринин короосунан бакка асылып өлгөн адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар кабарлады. Маалыматта берилгендей, өскөн теректе асылып турган эркек киши ошол үйдүн ээси болгон дешүүдө жана окуя бир жума мурун болгону айтылууда. Азырынча бул тууралуу  толук маалымат бериле элек, бирок 44 жаштагы маркум өз өмүрүнө кол салганы айтылып жатат. Учурда тиешелүү органдардын өкүлдөрү териштирүү иштерин жүргүзүүдө.



Ссылка: https://barometr.kg/zhalal-abadda-bakka-asylgan-adamdyn-zhansyz-denesi-tabyldy



Добавить комментарий