Жалал-Абадда абак кызматкери аялды эркектердин көзүнчө чечинтип басмырлаган

6 сентябрь 2021 12:05 1858 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жалал-Абаддагы тергөө изоляторунда камакта отурган баш аял тергөө абагынын кызматкери тарабынан кысымга алынганын айтып арызданышты.Бул тууралуу Кыйноолорду алдын алуу боюнча КРнын улуттук борборунан (КР КАУБ) кабарлашканын “Барометр” билдирет.

Кыргызстандын кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча Улуттук борбордун Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү  Жалал-Абад шаарындагы №53 тергөө изоляторунда болушту.

Иш сапардын жүрүшүндө № 53 убактылуу кармоочу изолятордун кызматкери Ж.М тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, адамдын кадыр-баркын басмырлоо жана тергөөдө жүргөндөрдүн укуктарын одоно бузуу фактылары бар экени аныкталды. Абакта отурган беш аял анын аракеттерине нааразылыктарын билдиришти.

Аялдардын биринин айтымында, Ж.М аны кысымга алып, интимдик жерлерине тийген жана муну токтотууну сураганда, абак кызматкери "туткундарга так ушундай мамиле кылуу керек"- деп, орой түрдө сүйлөгөн.

Башка аялдар да Ж.М тарабынан басмырланып, аларга физикалык күч колдонулуп, өзүн жаман сезгенине карабай оор көнүгүүлөрдү аткарууга мажбурланышаарын ачыкташты.

«Кармалгандардын биринин айтымында, ал душка түшкөнү жатканда, эркек коштоочулардын алдында чечинүүгө мажбур болгон. Аялдарга жеке гигиена каражаттарын колдонууга тыюу салынат, убактылуу кармоо изолятордагы кызматкер аларга жеке буюмдарын берүү же бербөө керек экенин өздөрү чечишет»,-деп билдиришти аталган борбордун  Жалал-Абад облусу боюнча өкүлдөрү.

Өзүнүн мындай иш-аракеттери менен Ж.М мыйзамдын талаптарын одоно бузуп жаткандыгын эксперттер баса белгилешти.

«Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө” мыйзамдын 4-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган жана күчүнө кирген эл аралык келишимдер мыйзамдуулук, бардык жарандардын мыйзам алдында теңдиги, гуманизм, адамдык ар-намысты урматтоо, ошондой эле эл аралык укуктун принциптери менен ченемдери сакталууга тийиш. Камакта жаткандарды физикалык же психикалык азапка салган кыйноолорду жана башка аракеттерди колдонууга жол берилбейт.

Мындан тышкары, ушул эле мыйзамдын 16-беренесине ылайык, шектүүлөр жана айыпталуучуларга жабык мекемелердин кызматкерлери сылык мамиле кылууга укуктуу. Ал эми 22-беренеге таянсак, камакта жаткандар үчүн гигиена, санитария жана өрт коопсуздугунун талаптарына жооп берген жашоо шарты түзүлүп берилиши керек.

Кыргыз Республикасы мүчө болуп саналган "Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө" Эл аралык пактын 10-беренесинде "Эркиндигинен ажыратылган бардык адамдар гумандуу мамиле кылууга жана адамдын кадыр-баркын урматтоого укуктуу" деп жазылган.

№53 тергөө изоляторунда кармоо шарттарын кошумча текшергенде, КР КАУБ аймактык өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери мекеменин медициналык бөлүмүндө мөөнөтү өтүп кеткен сегиз дары сакталып турганын аныкташкан.

Ашкананы текшерип жатканда да мыйзам бузуулар табылган. Ашканада антисанитардык абал болгон. Бир адамга берилүүчү эттин нормасы сакталбай күнүнө белгиленген 80 граммдын ордуна ар бир камалуучуга 15 граммдан ашпаган эт берилген. Ашпозчунун санитардык китепчесинде жумушка кабыл алуу боюнча мекеменин жетекчисинин колу жок.

Ошондой эле КР КАУБ өкүлдөрү Кылмыш-жаза кодексинин 74-беренесин бузуу менен үч соттолуучуну тергөө изоляторунда кармоону улантып жаткандыгын аныкташты. Ага ылайык, эркинен ажыратууга өкүм чыккан соттолгондор жазасын өтөө үчүн, тергөө абагынын администрациясы өкүмдүн мыйзамдуу күчүнө кириши жөнүндө соттун токтомун алган күндөн тартып, он күндөн кечиктирилбестен түзөтүү мекемелерине жиберилиши керектелет.

№53 убактылуу кармоочу изолятордо мыйзам бузуулардын бардык фактылары боюнча акт түзүлдү. КР КАУБнын аймактык өкүлчүлүгү жазык-аткаруу системасы жана органдарында мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө үчүн прокуратурага кайрылып, тергөө абагынын жетекчилигине жана бардык кызматкерлерине карата чара көрүү, керек болсо кылмыш иштерин козгоо өтүнүчүн билдирди.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/zhalal-abadda-abak-kyzmatkeri-ayaldy-erkekterdin-kznch-chechintip-basmyrlagan



Добавить комментарий