Жалал-Абадда 14 үй бүлө кооптуу аймактан көчүрүлөт
Сүзакта жер көчкүлөрдү изилдөөнүн натыйжасында, Бай-Маала участогунун тургундарын көчүрүү тууралуу чечим чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
"Сузак районунун Кыз-Көл айыл аймагынын Кара-Март айылындагы Байм-Маала участкаларындагы жашаган тургундарды коопсуз аймака көчүрүү иш чаралары улантылууда. ӨКМдин Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин адистери тарабынан Кыз-Көл айыл аймагынын Кара-Март айылындагы Байм-Маала участкаларындагы жер көчкүлөрдү изилдөө иштери жүргүзүлдү. Анда 14 үй бүлөнү ыкчам көчүрүү боюнча корутундусу чыгарылган.
Байм-Маала участкаларындагы тургундарды көчүрүү боюнча түшүндүрүү иштерин ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы жана жергиликтуу бийлик өкүлдөрү жүргүзүүдө",- деп айтылат.
Ссылка: https://barometr.kg/zhalal-abadda-14-j-bln-kooptuu-ajmaktan-kchrlt
Добавить комментарий ×