Жалал-Абадда бир суткада 21 кылмыш катталды
Жалал-Абад областынын жана өзгөчө абал киргизилген Жалал-Абад шаары, Сузак раойонунун аймагында коомдук саясий абал туруктуу жана көзөмөлдө болду. Бул тууралуу Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча комендатурасынын басма сөз кызматы билдирди.
9-апрелден 10-апрелге караган бир сутка ичинде областын аймагында баары болуп –21 кылмыш окуялар катталган.
Андан сырткары коменданттык сааттын талаптарын бузуп, түнкү мезгилде коомдук жайларда жүргөн сутка ичинде Жалал-Абад шаарынын аймагынан – 4, Сузак районунун аймагынан – 3 атуул коменданттык сааттын эрежесин бузгандыгы үчүн ШРИИБге жеткирилип, жаңы кабыл алынган мыйзамдын негизинде айып салынган. Ал эми күчөтүлгөн алдын алуу жана түшүндүрүү иш-чараларынын натыйжасында сутка ичинде жалпы – 55 атуул ШРИИБге жеткирилип, алар менен тиешелүү жумуштар жүргүзүлгөн. Ошондой эле аталган аймактардан - 59 автоунаа кармалып айып аянтчасына коюлган.
Учурда санитардык нормаларды бузган, бет кап тагынбай, жеке гигиенаны сактабай жүргөн атуулдар менен санитардык кызматтар менен биргеликте түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/zhalal-abad-suzakta-abal-turuktuu
Добавить комментарий ×