Жалал-Абад облусуна Казакстан жана Россиядан келип жаткан керектүү каражаттар тоскоолдуксуз өтүүдө
Учурда Жалал-Абад ОИИБы боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери “Коронавирус” илдетинин жайылып кетүүсүнө жол бербөө, алдын алуу максатында “Өзгөчө абал” киргизилген Жалал-Абад шаары жана Сузак районунун аймагында 12 (он эки) санитардык-карантиндик блок-посттордо 1-2-нөөмөттө жалпысынан 16 кызматкер кызмат өтөп жатышат. Бул тууралуу Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча комендатурасынын басма сөз кызматы билдирди.
Эми облустун “Өзгөчө кырдаал” тартиби киргизилген аймактарында 13 санитардык-карантиндик посттордо 1-2-нөөмөттө жалпысынан 26 кызматкер кызмат өтөөдө. Жалал-Абад облусунун “Өзгөчө абал”, “Өзгөчө кырдаал” киргизилген аймактарда жашаган тамак-аш, медкаражат, кийим-кече жана башка күнүмдүк колдонулуучу товарларга өтө муктаж адамдарды камсыз кылуу үчүн ташылып жаткан, анын ичинен Россиядан, Казакстандан ушул максатта келе жаткан автоунаалардын кыймылын блокпосттордон жана санитардык-карантиндик посттордон тоскоолдуксуз өтүүсү камсыздалууда.
Ал эми кечки саат 20.00дөн 07.00гө чейин мобилдик топтор “Коменданттык саат” тартибинин талаптарын бузган айдоочуларга, жарандарга карата тиешелүү чараларды көрүү максатында кызмат өтөшүүдө.
Жол көзөмөмөлдөчүлөр тарабынан “Коменданттык саат” тартибинин талаптарын бузгандыгы үчүн - 119 автоунаа атайын токтотулуучу жайга киргизилди.
Жалпысынан ар кандай жол кыймылынын эрежелерин одоно бузган 143 айдоочуга карата бузуулар тууралуу протоколдор түзүлүп Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө Кодексинин негизинде чаралар көрүлүүдө.
Добавить комментарий ×