Жалал-Абадка дезинфекциялоочу туннелдер койулду (Сүрөт)

27 июль 2020 16:50 549 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жалал-Абад шаардык жана Сузак райондук ички иштер бөлүмдөрүнө дезинфекциялоочу туннелдер орнотулду. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет. 

Жалал-Абад ОИИБдин жетекчилиги тарабынан кызматкерлердин иштөө шарттарын жакшыртуу жана алардын ден соолугуна кам көрүү максатында бир топ жумуштар аткарылууда. 

Жалал-Абад шаардык жана Сузак райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн кире беришине дезинфекциялоочу туннелдер орнотулду. 

"Туннелдерди орнотуунун максаты милиция кызматкерлеринин коронавирус илдетин жуктуруп алуусунун, оорунун таралуусунун алдын алуу жана санитардык эрежелерге ылайык коюлду. Милиция бөлүмдөрүнө кирген ар бир кызматкер жана атуулдар бул жай аркылуу өткөрүлөт", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, эл менен тыгыз иш барып, коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздап жаткан милиция кызматкерлерине кам көрүү максатында алдыда башка ШРИИБдерге дагы  дезинфекциялоочу туннелдерди орнотуу иштери улантылат.



Ссылка: https://barometr.kg/zhalal-abad-oiibisinde-dezinfekciyaloochu-tunelder-kojuldusrt



Добавить комментарий