Жалал-Абад ОИИБдин кызматкерлери Баткенде кызмат өтөшүүдө

5 май 2021 15:34 2746 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жалал-Абаддын милиция кызматкерлери Баткенде кызмат өтөп жатышат. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

"Жалал-Абад ОИИБдин, шаардык, райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн жана ИИМдин «Шумкар» атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын кызматкерлер Баткен жергесинде кызмат өтөшүүдө. Чек арага байланыштуу ок атышуу башталган кезде жолго чыгышып, көптөгөн жоготууларга учураган Лейлек районунун Арка айылында коомдук тартипти көзөмөлгө алышууда.

Ок атышуу токтой элек учурда Жалал-Абад ОИИБдин начальниги, милициянын полковниги Ашим Тагаев жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, провокациялык кадамдарга барбоого чакырган. Ошондой эле өздүк курамдын башында өзү туруп, алардын аткарып жаткан жумуштарын, жашоо шарттарын көзөмөлгө алууда.

Жалал-Абад ОИИБдин кызматкерлери күндүзгү учурларда жергиликтүү тургундар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, түнкү учурда кайгулдоо багыттарына чыгышууда", - деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/zhalal-abad-oiibdin-kyzmatkerleri-batkende-kyzmat-tshd



Добавить комментарий